Жаңылыктар
Мамлекеттик салык кызматы: айрым товарларды маркалоо мөөнөтү узартылды
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик салык кызматы: айрым товарларды маркалоо мөөнөтү узартылды

Тамеки продукциясын санариптик идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркалоодон өткөрүүнүн мөөнөтү 1-октябрга чейин, ал эми алкоголдук продукцияныкы – 1-ноябрга чейин узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы кабарлады. 

Мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө чечим салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын ишке киргизүүнүн, айрым товарларды идентификациялоо каражаттары маркалоону натыйжалуу киргизүүнүн алкагында жүргүзүлүп жаткан салык саясатынын ырааттуулугун камсыз кылуу максатында, ошондой эле өлкөдө коронавирустук инфекциясынын жайылышы боюнча кырдаалга байланыштуу кабыл алынган. 


Ошол эле учурда үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрына чейин тамеки продукциясын, 31-октябрга чейин алкоголдук продукцияны жана бут кийим товарларын санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо боюнча пилоттук долбоор жүргүзүлөт. Санариптик идентификациялоо каражаты – бул ар бир товардын индикатору жөнүндө маалыматты камтыган штрих же дата-матрикс түрүндө берилген машина окуй ала турган формадагы символдордун уникалдуу ырааттуулугун түшүндүрөт.