Жаңылыктар
Кыргызстанга Түркиядан 323 кыргызстандык кайтып келди
Мекендештер
Кыргызстанга Түркиядан 323 кыргызстандык кайтып келди

Бүгүн Кыргызстанга Түркиядан 323 кыргызстандык кайтып келди, алардын арасында жаш балдар да бар. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, биздин жарандар Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча Кыргызстандан Түркиянын жарандарын, Түркиядан Кыргызстандын жарандарын алып чыгуу үчүн уюштурулган чартердик каттам менен келишти. 

Бул каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында Президенттин жана Өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн эки өлкөнүн тышкы иштер мекемелеринин сүйлөшүүлөрүнүн негизинде ишке ашырылды. 

Түркия тарап эл аралык авиакаттамды жандандырууга жана чет өлкөлүк жарандардын келүүсүнө чектөөлөрдү алып салууга байланыштуу транзиттик алмаштыруу жолу аркылуу Кыргызстанга бул каттам менен биздин жарандар АКШ, Канада, Эфиопия, Франция, Германия, Испания, Италия, Түндүк Кипр, Венгрия, Словакия, Грузия, Корея Республикасы, Украина, Чехия, Болгария, Марокко, Улуу Британия, Бельгия, Норвегия, Польша жана Швециядан келишти. Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган жарандарды алып келуу боюнча иштер уланууда.