Жаңылыктар
Жума күнү иш убактысын 1 саатка узартуу демилгеси
Кыргызстан жаңылыктары
Жума күнү иш убактысын 1 саатка узартуу демилгеси

Жума күнү иш убактысын бир саатка узартуу боюнча демилге талаш-тартыштарды жаратууда. Социалдык тармакта бул демилгени колдогондор менен каршы болгондор эки жаатка бөлүндү. Бүгүн бул шартты бекемдеген мыйзам долбоорун демилгечи артка чакыртып алгандыктан Жогорку Кеңеш документти талкуулабай калды.

Маселе эки күндөн бери социалдык тармакта кызуу талкууну жаратты. Жаатташкандардын бир тарабы Чубак ажыны, экинчиси депутат Жанар Акаевди колдоп чыкты. Бүгүнкү жалпы жыйында депутаттар дин аалымдарынын мындай билдирүүлөрүн саясатка аралашуу катары сыпатташты. 

Баары Жанар Акаев баш болгон 6 депутат мыйзамга каршы пикирин билдиргенде башталган. Депутат өзү жума намазды окуганга каршы эмес, тескерисинче ыйманга келгендердин көбөйүп жатканына кубанганын айтат. Бирок жума намаздын убактысын узартуунун канчалык муктаждыгы бар-дейт эл өкүлү. Мындан улам ал эмгек кодексин өзгөртүп, бүтүндөй мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жумуш тартибин өзгөртүп убара кылганга каршы. 

Жума намаздын убактысын узартуу сунушун көтөрүп, талаш-тартыштарга жем таштаган демилгечи - депутат Тазабек Икрамов. Ал бул демилгесин жакшы ниети менен эл муктаждыгын чечип берүү үчүн көтөргөнүн билдирет. Жума намазга кеткендиктен улам жетекчилик тарабынан куугунтукка кабылып жаткан шайлоочулар буга чейин эл өкүлүнө кайрылышкан экен. 

Бул маселеде орток пикирди карманган депутаттар дагы бар. Түркияны мисал келтирген Бакыт Жетигенов миңдеген кишилер жума намазга барып келип эле, жумушуна да, түштөнүүгө да, намаз окууга да үлгүрүп жатканын айтат. 

Мыйзам долбоору жалпы жыйындын күн тартибине киргизилген. Бирок демилгечи мыйзам долбоорун кайра артка чакыртып алды.