Жаңылыктар
Быйыл Сауд Аравияда жашаган гана мусулмандар зыярат кыла алышат
Дин
Быйыл Сауд Аравияда жашаган гана мусулмандар зыярат кыла алышат

Германиянын Бонн шаарында жайгашкан Bigitec студиясы мусулмандарга виртуалдык зыярат кылууга мүмкүнчүлүк түзүү үчүн атайын интерактивдүү компьютердик программаны иштеп чыкты. 

Студиянын жетекчиси Билял Чбибдин айтымында, программаны адистер электрондук оюн менен электрондук музейдин элементтеринин негизинде түзгөн. Ажылык сапарга баруу ар бир мүмкүнчүлүгү бар мусулманга парз. Бирок албетте бул программа барып зыярат кылууну алмаштыра албайт деп, - билдирди студиянын жетекчиси. 

Буга чейин Сауд Аравия бийлиги коронавирус пандемиясынан улам быйыл Мекке жана Медина шаарларына ажылык сапарга келген чет элдик жарандарды кабыл албай тургандыгын билдирген. Жаңы эрежелерге ылайык, бул жылы Сауд Аравияда жашаган гана мусулмандар зыярат кыла алышат.