Жаңылыктар
Gallup: Дүйнөдө АКШга болгон ишенимдин эң жогорку көрсөткүчү Түркмөнстанда катталды
Дүйнө
Gallup: Дүйнөдө АКШга болгон ишенимдин эң жогорку көрсөткүчү Түркмөнстанда катталды

Өткөн жылы дүйнөдө АКШнын бийлигине болгон ишенимдин эң тез жогорулашы Түркмөнстанда катталды.

Gallup изилдөө борборунун баяндамасына ылайык, 2019-жылы Түркмөнстанда АКШнын бийлигине болгон ишеним 32 баскычка жогорулап, 62% жеткен.

Gallup борбору «Дүйнөлүк лидерлердин» рейтингин 2007-жылдан бери жарыялап келет. Анда төрт ири өлкөнүн (АКШ, Орусия, Германия жана Кытай) өкмөттөрүнө карата дүйнө элинин ишениминин деңгээли аныкталат.

Жаңы тизмеде буга чейинки эки жылдагыдай эле Ангела Меркель башында турган Германия сап башына жазылган. Дүйнөнүн 135 өлкөсүндөгү сурамжылоого катышкандардын 44% Германиянын бийлигине ишене тургандыктарын айтышкан.

АКШ 33% менен экинчи орунга жайгашкан. Сурамжылоого катышкандардын 32% Кытайдын, 30% Орусиянын бийлигине ишенишет.

Баяндамада Түркмөнстанда АКШнын бийлигине болгон ишенимдин эмнеге кескин жогорулагандыгы түшүндүрүлгөн эмес.

Быйыл жыл башында окуялары жана каармандары Түркмөнстанды элестеткен америкалык «6 Underground» тасмасына байланыштуу бул өлкөдө АКШга каршы «пропагандалык иштер» жүргүзүлгөнү кабарланган.

2019-жылы августта Кошмо Штаттардагы сатиралык телешоудо президент Гурбангулы Бердымухамедов жөнүндө тамаша айтылгандан кийин Түркмөнстандагы ачык жыйындарда антиамерикалык пропаганда жүргүзүлгөн.