Жаңылыктар
Курсан Асановдун иши боюнча жабыркаган тараптын сурагы уланууда - Кыргызстан жаңылыктары
Кырсык
Курсан Асановдун иши боюнча жабыркаган тараптын сурагы уланууда - Кыргызстан жаңылыктары

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго каршы козголгон кылмыш иштери боюнча жабыркаган тараптын сурагы уланууда. 

Жактоочу тараптын айтымында, 28-июлда мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков көрсөтмө берип бүттү. Кийинки отурум 4-августта болот, анда Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү суралат. Андан кийин күбөлөрдүн сурагы башталат. Курсановго карата үч иш козголгонун Башкы прокуратура кабарлаган. Биринчиси боюнча ИИМдин эки кызматкерин өзүнө мыйзамсыз жол менен жеке иштери үчүн жардамчы жана жансакчы кылып дайындап алгандыктан, мамлекетке 793 миң сом зыян келтирилген деп кине коюлууда. 

Экинчиси боюнча Асанов жана өкүл баласы Турсунбек Бейшенбеков мурдагы вице-премьер Разаковду өтө оор кылмыштарга айыптаган жалган маалыматтарды таратты деп айыпталууда. Үчүнчү иш 2019-жылдагы Кой-Таш окуясына байланыштуу. Ал боюнча Асановго «тергөө үчүн маанилүү далилдерди жашырып, кийин аларды мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлерине өткөрүп берген» деген негиздеги айып коюлган. Бул үч ишти райондук сот бириктирип карап жатат.