Жаңылыктар
Дарыгерлерге кошумча төлөмдүн жүргүзүлүшү - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Дарыгерлерге кошумча төлөмдүн жүргүзүлүшү - Кыргызстан жаңылыктары

Азыркы күндө медицина кызматкерлеринин ооруга чалдыгышы боюнча абал мурдагыга караганда жакшы, бирок коронавирус жуктуруп алуу коркунучу дагы деле жогору. Эпидемия башталганда даярдык иштери өз деңгээлинде болбогонун өкмөт мойнуна алды. Бул ириде медициналык жеке коргонуучу каражаттардын жетишсиздигин пайда кылып, дарыгерлердин массалык түрдө ооруга чалдыгышын шарттады.

Коргонуучу кийимдер жетиштүү, бирок буга карабастан өкмөт 24-июлда кошумча жеке коргонуучу каражаттарды сатып алуу үчүн дагы 300 млн сом бөлдү.

Мындан сырткары бардык медицина кызматкерлери бир жолку төлөмдөрдү алышат. Өкмөттүн токтомуна ылайык, Саламаттык сактоо министрилиги тарабынан бул багытка 51,8 млн сом, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан 425,6 млн сом бөлүндү. Кызыл зонада иштеп жана коронавирус жуктурган дарыгерлер 200 миң сомго чейин алышат. Ал эми медицина кызматкерлеринин каза болгон учурлары болсо, алардын үй-бүлөлөрүнө 1 мон сом төлөнмөкчү.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришкендей, июль айы үчүн 234 млн сом бөлүндү. Буга чейин ай сайын кошумча төлөмдөргө 100 млн сомдун тегерегинде каражат сарпталып келген. Маселен июнь айында 109 млн сом төлөмдөргө жумшалды. Июлда 234 млн сомго көбөйдү. Жогорку категриядагы дарыгер бир ай толук иштесе, 72 миң сомго чейин алмакчы.

25-марттан бери медицина кызматкерлеринин кошумча төлөм акысына жалпы 477 млн 400 миң сом жумшалды.