Жаңылыктар
Россиялык дарыгерлер иш үстүндө - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Россиялык дарыгерлер иш үстүндө - Кыргызстан жаңылыктары

Сергей Клявлин Чүй облусунда иштеген Россиялык дарыгерлер тобун жетектейт. Алар Кара-Балта шаарында бейтаптарды дарылап эми Токмокко келип, ишке киришти. Сергейдин айтымында Орусиядан келген дарыгерлердин КОВИД-19 менен күрөшүүдө тажрыйбасы мол.

Россиялык дарыгерлер кыргыз кесиптештери илдет менен күрөшүүгө даяр экенин жана айрым кемчиликтерди эске албаганда тиешелүү алгоритмдер так аткарылганын айтышты.

Жергиликтүү дарыгерлер Россиядан келген кесиптештеринин жардамы чоң болуп жатканын айтып, жугуштуу тумоону дарылоодо майда нерселерге чейин көңүл буруу маанилүү экенин белгилейт.

Белгилей кетсек Россиядан тажрыйбасы менен бөлүшүүгө 50 дарыгер келген. Алар 5 мобилдик топко бөлүнүп, ар кайсы облустарда иштеп жатат. Алар жергиликтүү дарыгерлерге кеңеш берүү менен бирге облустун бир нече райондорундагы ооруканаларды кыдыр чыгышат.