Жаңылыктар
Лукашенко Улуттук аза күтүү күнүнө байланыштуу Президент Жээнбековго жана Кыргызстан элине көңүл айтты
Кыргызстан жаңылыктары
Лукашенко Улуттук аза күтүү күнүнө байланыштуу Президент Жээнбековго жана Кыргызстан элине көңүл айтты

Беларусь Президенти Александр Лукашенко коронавирус инфекциясы пандемиясынын курмандыктарына арналган Улуттук аза күтүү күнүнө байланыштуу Президент Сооронбай Жээнбековго жана Кыргызстан элине көңүл айтты.

Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко коронавирус инфекциясы пандемиясынын курмандыктарына карата Кыргызстанда 2020-жылдын 30-июлу Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланганына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго жана өлкө элине көңүл айтты.

"Беларусь Республикасы коронавирус илдетинин жайылуусунан улам жакындары менен бир туугандарын жоготкон Кыргызстандын жашоочуларынын орду толгус жоготуусун тең бөлүшөт. Ар бир адамдын саламаттыгы менен өмүрү үчүн күрөштөгү кайраттын күчү, негиздүү жана чечкиндүү кадамдар өлкөңүздөгү эпидемияга байланышкан кыйынчылыктарды жеңип чыгууга өбөлгө болооруна ишенем», - деп айтылат Беларусь Президентинин көңүл айтуу телеграммасында.

Александр Лукашенко Беларусь элинин жана жеке өзүнүн атынан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө чын ниеттен көңүл айтып, ооруп калган кыргызстандыктардын тез арада сакайып кетүүсүн каалады.