Жаңылыктар
Веложүрүшкө чыккандардын сапары уланууда
Спорт
 Веложүрүшкө чыккандардын сапары уланууда

Каракол-Баткен аралыгын басып өтүүгө багытталган Ынтымак веложүрүшүнүн сапары уланууда. Спортчулар кечээ эртең менен Каракол шаарынан чыгып ,түндө түнкү саат 12де борбор калаадан өтүштү. Алар 56 сааттын ичинде 1400 чакырымды басып өтүшү керек.

Азыр түнкү саат 12. Биз Чүй-Алма-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде турабыз. Бүгүн эртең менен Караколдон чыккан велоспортчулар мына ушул сааттарда борборго келип калат деп күтүлүүдө. Алар Бишкектен чыгып, тыным албастан түз эле Баткенди көздөй сапар тартышат. 

Туура 12:15 мүнөттө веложүрүш Чүй-Алматы көчөлөрүнүн кесилишинен өттү. Жүрүштүн катышуучуларын ар бир облустун кайгуул милициясы тосуп алып, кийинки дубанга чейин коштоп барууда. Марафонду коштогон кортеж Чүй проспектиси менен түз жүрүп отурду. 

Веложүрүшкө төрт киши катышууда. Ар бири 80 чакырымдан алмак-салмак тээп отуруп, Караколдон Баткенге чейинки 1400 чакырымды 56 саатта басып өтүшү керек. Марафон күнү-түнү үзгүлтүксүз уланып отурат. 

Алар өлкөнүн бардык дубандарын кыдырып өтүп, бир күндөн кийин Баткен облусунда болушат. Уюштуруучулар веложүрүшкө “Ынтымак” деген ат ыйгарып, саамалыктын арты менен элди сергек жашоого үндөп, ынтымакка чакырууну көздөшүүдө. Иш-чарага өз ыктыяры менен жардам бергендер да чыгышты. 

Катышып жаткандардын экөөсү жеке ишкерлер, бир студент жана бир окуучу бар. Уюштуруучулар бул саамалык аркылуу велоспортту аймактарда өнүктүрүүнү каалашат. 

Велосипеддердин да мыктысы, узак жолдо жүрүүгө ылайыкталып алынган. Салмагы 5 килограммдан ашпайт. Велосипедчендер ушул сааттарда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда бара жатышат. Жүрүшкө чыккандар эртең Баткенге жетип, марафон ошол жерде аяктайт.