Жаңылыктар
Цирктин айланасындагы талаш-тартыштуу маселе
Кыргызстан жаңылыктары
 Цирктин айланасындагы  талаш-тартыштуу маселе

Мамлекеттик циркте иштеген айрым артисттер чыгармачылык жаатында иштегендерди атайылап тукуруп, иштен баш тартууга үндөп жатат. Мындай пикирин цирктин жетекчилиги нааразычылыгын билдирип маалымат жыйынын өткөргөн артисттердин дарегине карата айтты.  Жетекчилик артисттердин каржылык баш аламандык боюнча айыптоолорун четке кагып, буга бир катар текшерүүлөр далил экенин билдирди. 

Бөбөктөргө күлкү тартуулап, ар кандай өнөр көрсөткөн цирк кызматкерлери сахнада жылмайган менен, көшөгөнүн артында ич ара күңкүлдөшүп жатыптыр. Аны маалыматтык жыйында айрым артисттер ачыктап, жетекчилигине болгон нааразычылыктарын айтышты.
Артисттердин айтымында ремонт үчүн бөлүнгөн акча максатсыз жумшалган. Мындан тышкары костюмдар үчүн каражат бөлүнбөйт. Бирок бул айыптоолордун баардыгын цирктин жетекчилиги четка какты. Башкы эсепчинин маалыматы боюнча ремонт үчүн 34 миллион сом каралып, ага имараттын чатыры оңдолуп суу түтүктөрү алмаштырылган.

Аны менен маалымат жыйын өткөргөндөр, айлык акы 3 жарым миң сомдун тегерегин түзөөрүн айтып арызданган болчу. Бухгалтерия бул айтылгандар да калп дейт. Мындан тышкары костюмдар үчүн кайсы жылы канча бөлүнгөнүн башкы эсепчи санап да берди.

Ал эми башкы директор Курмангазы Исанаев нааразычылыктар маданият министрлигинин буйругунан кийин чыкты дейт. Буйрук боюнча цирктте иштеген ар бир артист, алып жаткан маянасынын эсебинен айына сегиз жолу бекер оюн көрсөтүүгө катышуусу керек. Бирок мурдатан ар бир оюн үчүн акча төлөнүп көнүп калган артисттер буга макул болушкан эмес.

Белгилей кетсек, кыргыз мамлекеттик цирки 1991-жылдан 2005-жылга чейин иштеген эмес. Имараты болсо, жеке менчик тараптарга 10 жылга ижарага берилип андан ары сатылып кете жаздап барып токтогон. Ал эми 2005-жылдан тарта мамлекет өз карамагына алып, штаттык бирдиктерди кайра түзүп иштете баштаган.