Тажикстанда 1-сентябрдан тартып бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлердин маяналары, пенсиялар жана стипендиялар 15% жогорулайт. Бул тууралуу өлкөнүн каржы министри Файзиддин Каххорзода билдирди.
Анын айтымында, тиешелүү жарлыктын долбоору даяр жана 1-сентябрда күчүнө кирет.
«Азыр президенттин жарлыгынын долбоору макулдашуу үчүн профилдик министрликтерге жөнөтүлдү. Пандемияга жана анын кесепеттеринен улам жаралган финансылык кыйынчылыктарга карабастан, биз айлык акылар менен пенсияларды көтөрүүгө мүмкүнчүлүк таптык», — деди Каххорзода.
Министр бул төлөмдөр үчүн кайсыл булактан каражат алынарын айткан жок.
Ушу тапта Тажикстанда коронавирус пандемиясы шартында мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы байкалууда.
Өлкөдө акыркы жолу маяналар менен пенсиялар 2018-жылы сентябрда 15% көтөрүлгөн. Тажикстандагы эң төмөнкү айлык акы 400 сомонини, бюджеттик кызматкерлердин орточо маянасы 1 миң сомонини түзөт.