Жаңылыктар
Бүгүн Чыңгыз Айтматов дүйнөдөн кайткан күн
Маданият
Бүгүн Чыңгыз Айтматов дүйнөдөн кайткан күн

Бүгүн, 10-июнь-улуу ойчул, дүйнөлүк атагы бар залкар жазуучу, Кыргыз Республикасынын Баатыры Чыңгыз Айтматов дүйнөдөн кайткан күн.  Кыргыз элинин таланттуу уулу 2008-жылы 10-июнунда Германиянын Нюрнберг шаарында көз жумган. Андан бери 8 жыл өттү. Улуу ойчулдун туулган  жана көзү өткөн күнүнө арналган иш-чаралар Түркияда, Кытайда, Россияда, Казакстанда өтүп, гүл бактарына ысымы ыйгарылып, эстелик коюу уланып келет.

Атагы ааламга кеткен көркөм сөз чеберинин чыгармачылыгы, дүйнөлүк маданиятка кошкон салымы тууралуу кыргыз эли гана эмес, эл аралык деңгээлде эстеликтер коюлуп, жазуучуну эскерүү кечелери байма-бай өтүп келет. Сөзүбүз куру болбосун, алсак 2009-жылы Анкара шаарынын Кечиорен районунда  Айтматов атындагы парк ачылса, 2014-жылы 5-июнда Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев, Түркияга жумушчу иш сапары учурунда Айтматовдун эстелигинин ачылышына катышканы белгилүү. Ал эми Россияда 2013-жылы  чет элдик адабияттар китепканасына Айтматовдун айкели коюлса,  2016-жылы 24-майда Москва шаарынын Павлов көчөсү менен Подольск  шоссесинин ортосунда жайгашкан скверге эми эстелигин орнотуу каралды.

Эске сала кетсек, андан мурун 14-апрелде Москвада Айтматов атындагы сквер ачуу тууралуу чечим кабыл алынган. Ошондой эле 2015-жылы Санкт-Петербург шаарында улуу жазуучунун ысымындагы сквердин  ачылыш болгон.

Социалисттик эмгектин Баатыры, Ленин ордени, СССРдин  мамлекеттик сыйлыгы жана  Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын  лауреаты, Кыргыз Республикасынын Баатыры  атак-даңкына Чыңгыз Айтматов  чыгармачылыгы менен жетти.

1986-жылы Чынгыз Айтматов уюштурган «Ысык-Көл форумун» башталышынан тартып, аягына чейин чагылдырган журналист, «Ысык-Көл форуму» аттуу даректүү фильмдин да автору,  Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Абды Сатаров, улуу ойчул Чыңгыз Айтматовдун  дүйнөлүк атагы бар залкарлардын башын кошуп, “Ысык-Көл” форумун экинчи ирет Испанияда да өткөргөнүн айтты.

Чынгыз Айтматовдун саясый салмагы, учурунда СССРдин тышкы саясатында  олуттуу мааниге ээ болгонуна, “Ысык-Көл” форумунун башында турганы менен тарыхта калганы айкын далил дейт, тарых илимдеринин доктору, профессор Асан Ормушев.                            

Кыргыз элинин Манастан кийинки эле  мактанычы, сыймыгы болгон Чыңгыз Айтматовдун, тышкы саясаттагы  кызматы бараандуу, анын ар бир кадамын изилдеген эмгектер  жазылыш керек дешет замандаштары.         

Зинакан Кайыпова, “Биринчи радио”