Жаңылыктар
Австралияда бир жылдан бери катталып жаткан өрттөн 3 миллиарддан ашык жаныбар жапа чекти
Дүйнө
Австралияда бир жылдан бери катталып жаткан өрттөн 3 миллиарддан ашык жаныбар жапа чекти

Дүйнөнүн жашыл континенти деп саналган Австралияда 2019-жылдын июнь айынан бери катталып жаткан өрттөн 3 миллиарддан ашык жаныбар жапа чекти. Бул тууралуу Жапайы жаратылыштын дүйнөлүк фонду жылдык маалыматында белгилеген. 

Ага ылайык, бул жыйынтык Австралиядагы беш илимий-изилдөө уюмдарынын 10 адиси тарабынан даярдалган. Адистердин эсебинде тилсиз жоонун кесепетинен 142 миллион сүт эмүүчү, 180 миллион канаттуу, 51 миллион бака жана 2 жарым миллиардга чукул сойлоп жүрүүчү жаныбарлар жок болуп кеткен. 

Австралияда бир нече айга созулган өрт миллиондогон гектар жерди жалмап, жапайы жаратылыштын үчтөн бир бөлүгүн жараксыз абалга келтирген. Жапайы жаратылыштын дүйнөлүк фонду финалдык отчетун ушул жылдын сентябрь айында жарыяламакчы.