Жаңылыктар
Талас шаарында автоунаага сүзүлгөн жаран каза болду
Кырсык
Талас шаарында автоунаага сүзүлгөн жаран каза болду

30-июль бейшемби күнү Талас шаарында автоунаага сүзүлгөн жаран каза болду. Бул тууралуу Талас ОИИБден кабарлашты. Маалыматка ылайык, каза болгон жергиликтүү жаш жигит велосипед менен бара жаткан. Аны М.Ш. аттуу жаран автоунаасы менен сүзүп кеткен.

Бүгүн велосипедчен бала кайра жандандыруу бөлүмүнөн каза болгону кабарланды. Ал эми автоунаасы менен сүздүрүп кеткен М.Ш. аттуу адам мас абалда болгон. Кылмышка шектүү жаран УКМКнын запастагы подполковниги.

Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.