Жаңылыктар
Курман айт — кайрымдуулуктун, боорукерликтин майрамы
Дин
Курман айт — кайрымдуулуктун, боорукерликтин майрамы

Бүгүн жалпы мусулман журтчулугу Курман айт майрамын белгилеп жатат. Ислам дининдеги ыйык эки майрамдын бири дал ушул курман айт майрамы, экинчиси орозо айт. Бул жылы эки майрам тең пандемия шартында өттү. Адатта борбордук аянт толо окулган айт намазы бүгүн окулган жок. Бирок, Бишкек шаарындагы борбордук мечитте саналуу аалымдардан турган чакан курам намаз окуп, жалпы журтка бейпил турмуш, ден соолук, өлкөгө өнүп - өсүү тилешти. Коомдук биринчи канал борбордук мечиттен түз алып берүү уюштурду.

Адатта айт намаздары борбордук эски аянтта окулуп, он миңдеген момун мусулмандар катышчу. Быйыл эки айт намазы тең окулган жок. Анын ордуна дал ушундай саналуу аалымдардан турган чакан курам жалпы мусулман журтчулугу үчүн намаз окушту. Бүгүн өлкөдө түзүлгөн эпидемиологиялык абал көп сандагы адамдардын топтолуусуна жол бербейт. Ошол эле учурда айт намазын окубай калдым деп тынчсызданууга да болбойт. Анткени бүгүнкүдөй абалда эрежени сактоо бардыгынан өйдө турат. Жараткандын өкүмү да ушундай. Эң ириде өзүңдүн ден соолугуңа, ага удаа эле жалпы элдин саламаттыгына кам көрүү абзел.