Жаңылыктар
Курман айттын негизги шарты - курмандык чалуу - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Курман айттын негизги шарты - курмандык чалуу - Кыргызстан жаңылыктары

Курман айттын негизги шарты - курмандык чалуу. Курмандык катары кой, эчки, ача туяк бодо мал же төөнү Курман айттын алгачкы үч күнүндө атайын ниет менен сойсо болот. Бул вазийпа сооп табуу үчүн жасалат. Балакат жашынан өткөн мусулман адамдын жеке керектөөсүнөн ашык мал-жаны же каражаты бар болсо Курман айт үчүн ниет кылып, курмандык чалса болот.

Көп кабаттуу үйдө жашаган коңшулар Күмүшкан апа менен Сюита эже курман айт майрамын биргелешип өткөрүүнү чечишкен. Эки койду чогуу сатып келип, Курман айт намазынан кийин жакшы тилек ниеттерин айтып куран окуп, курмандык чалышты.