Жаңылыктар
Бир катар мамлекет башчылары кыргыз элин жана президентти Курман айт майрамы менен куттукташты
Кыргызстан жаңылыктары
Бир катар мамлекет башчылары кыргыз элин жана президентти Курман айт майрамы менен куттукташты

Ондон ашык мамлекеттин башчылары жалпы кыргыз элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду бүгүнкү Ыйык Курман айт майрамы менен куттукташты. Президенттер Кыргызстан элине тынчтык, бакубаттыкты жана өсүп-өнүгүүнү каалап, биргелешкен иш аракеттер менен учурда болуп жаткан эпидемияны жеңип чыгабыз деген тилектерин билдиришкен.

Куттуктоо телеграммасы биринчилерден болуп Казакстандын президенти Касым Жоомарт Токаевден келди. Курман айт жалпы мусулмандар үчүн боорукерликтин, адеп-ахлактын жана тынчтыктын майрамы экенин белгилеген коңшу өлкө жетекчиси, эки элдин ынтымагы артып, бүт дүйнөгө коркунуч жаратып жаткан ооруну биргеликте жеңип чыгабыз деген ишенимин билдирген.