Жаңылыктар
Өлкө түштүгүндөгү коогалаңга 6 жыл толду
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкө түштүгүндөгү коогалаңга 6 жыл толду

Бүгүн өлкө түштүгүндөгү коогалаңга 6 жыл толду. 3 күнгө созулган этникалык кагылышууда 4 жүздөн ашуун адам көз жумган эле. Бирок, көпчүлүк аны улуттардын ортосундагы карама-каршылыктын кесепети деп эсептебейт. Окуяга айрым күчтөрдүн гана салымы болгонун белгилегендер арбын.

Көпчүлүктүн баамында июнь каргашасы улуттардын карама-каршылыгынын эмес, жеке кызыкчылыгын көздөгөн күчтөрдүн чагымчылдыгынын кесепети. 

Бирок, ынтымакты ширеткен иш-чараларды өткөрө берүү ашыктык кылбайт. Туруктуулук орноп, өлкө өз багытын тапкан бүгүнкү шартта да 6 жыл мурдагы окуяларды эл эсинен чыгарбайт. Бүгүн Ош шаарында “Энелер көз жашы” эстелигинде куран окулуп, курман болгондор эскерилет.

Калыгул Асамбаев, “Биринчи радио”