Жаңылыктар
Мамлекет тарабынан берилчү каражат ишкерлер чөйрөсүнө даректүү жетеби?
Экономика
Мамлекет тарабынан берилчү каражат ишкерлер чөйрөсүнө даректүү жетеби?

Мамлекет тарабынан берилчү каражат ишкерлер чөйрөсүнө даректүү жетеби? Чиновниктик бюрократия, тааныш-билиштик бул жерде да терс таасирин тийгизип кетпейби?

Бүгүн, президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" эксклюзивдүү маек куруп, бир топ маселелерге токтолду.

Соонанбай Жээнбеков: "Эми алардын кооптонгону бир жагынан туура. 2019-жылы 2 млрд сом биринчи жолу республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөн. Айрыкча, экспортко чыгып жаткан кайра иштетүү өнөр жайын колдоо боюнча. Мына ушул маселе да бюрократташып, 534 млн сому берилип, калганы берилбей калды. Мына ошондон улам чыгып жаткан маселе. Мен да бул маселени айттым, вице-премьер-министр Эркин Асрандиев тапшырма алган. Ошондой болбой, банктар аркылуу көзөмөлдөш керек. Ошол тиешелүү жумуш ордун түзүп жаткан, жакшы иштеп экспортко чыгып жаткан, импортту толтуруп жаткан ишкерлер менен ишканаларга тездик менен каражаттар жетиши керек. Муну көзөмөлдөп жатам, иш башталды. 7 айдын жыйынтыгы боюнча дагы бул маселеге кайрылып келебиз",- деди Жээнбеков.