Жаңылыктар
С.Жээнбеков Атамбаевдин антимамлекеттик системасын буза алды. Жеке пикир
Саясат
С.Жээнбеков Атамбаевдин антимамлекеттик системасын буза алды. Жеке пикир

Аналитик Калнур Ормушев акыркы күндөрү интернет айдыңында бийликтин алмашуусун жана импичментти талап кылган чакырыктарга карата өз пикири менен бөлүштү.  

Кыргызстандагы саясий кырдаал, мага студенттик күндөн бери акыл-насаатын айтып келген досумдун айткандарын эске салды: Акылсыздар өзүлөрүнүн каталарына карап түзөлөт. Ал эми акылдуу адамдар, башка бирөөлөрдү көрүп, кетирген кемчиликтерин оңдойт.

Эгерде, кетирген кемчиликтерден жыйынтык чыгарууну үйрөнө албасак, анда биз кимбиз? Канчалаган сын-пикирлер айтылган Акаев, Бакиевдин режими, 2005-2010-жылдардагы мамлекеттик төңкөрүштөр элдин жашоосун оңдоп бере албаганын убакыт өзү көргөздү. Тескерисинче өлкөнүн өнүгүшү жайлап, элдин жашоосун артка сүйрөдү.

Бир башчыны бийликтен кулатсак, анын ордуна экинчиси келет. Аны дагы качандыр бир убакта кетүүсүн талап кылабыз. Мындай нерселер бизди туңгуюкка кептеп жатканын түшүнө турган кез деле келди окшойт.

Төңкөрүш – ар дайым эле экономикага сокку берип, жашообуздун оорлошуна алып келбейт. Эң коркунучтуусу руханий, адеп-ахлактык көз караштарга каршы келип жаткандыгы. Негизи, өнүккөн өлкөлөрдүн эли мыйзамга каршы чыкпайт. Зордук-зомбулук менен бийликти сүрүп чыгаруу башаламандыкты жаратат. Бул өлкө үчүн чоң коркунуч жараткан маселе. Мыйзам болбосо мамлекет дагы болбойт. Мамлекеттин бекемдүүлүгү, туруктуулугу тийиштүү талапка баш ийип жашоодон башталат. Адамзат жаралгандан берки тарых бул нерсени тастыктап турат.

Өткөн мезгилдерге таянып деле башкалардын каталарынан сабак алууга болот. Бирок биз өжөрлүккө алдырып, ошол эле “айрыны” кайра-кайра басып алып жатабыз.

Кыргыз коомчулугунда мыйзам чегинде шайланып, белгилүү убакытка чейин бийликке келгенди этикалык жактан дагы, практикалык жактан дагы бийликтен кулатуу адатка айланып калды. Өкүнүчтүүсү, мындай аракеттерге шайлоодо мыйзамдуу жана легитимдүү жеңишке жетип, саясатта туруктуу ордун көргөзгөндөр деле аралашып жүрүшөт. Алар, мыйзамдуу күрөштөн качып, жеңишке жеңил жолду тандаганы менен келечекте өзүлөрүнө тузак даярдап жатканын көрбөй жатышат. Эгерде силер “эрежесиз” күрөштү баштасаңар, бир убакта мындай күрөш менен өзүңөр да “алышып” калсаңар таң калбагыла.

2002-жылы, Бакиев нааразычылыгын билдирип, коомдун бир бөлүгүн саясий өч алуу үчүн радикалдуу иш-аракеттерди жасоодо пайдаланып, премьер-министрликтен оппозициянын лидерлеринин бирине айланганда, мен эскерткен элем:

"Бүгүнкү күндө күчөп жаткан демонстранттардын, пикеттердин демонстрациясы тартиптүү уюшкандыгы жок, башаламандыкта өттүүдө. Эртең булардын тобунан чабуул жасоочу отряддар же согуштук отряддар уюшулса эмне болот?  Демонстранттар бийликке келсе эмне кылабыз? Эл алдында сүйлөгөндү билгени менен жашоодо алар эмнеге жетишкен? Элдин, мамлекеттин тагдырын аларга ишенип тапшырууга болобу?

Спортчулар төрт жылда бир Олимпиада оюндарында күчтүүлөрдү аныкташат. Катуу эрежелер жана допингге каршы көзөмөлдөр болот. Эгер алар (спортчулар) интрига, жалган көрсөткүчтөр менен чемпион болушса, анда спорттун өзү болбойт болчу.

Байыркы Римдеги "мыйзам катаал, бирок бул мыйзам" деп айтылганы, конкреттүү адамдардын тагдырына гана эмес, мамлекеттин тагдырына карата да айтылган. Сооронбай Жээнбековдун мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетишин талап кылгандар, азыркы президентке каршы эмес, тескерисинче, бул адамды шайлаган, ага белгилүү убакытка чейин өлкө башкарууга ишеним көрсөткөн коомчулукка каршы экенин билдирет.

Өлкө башчысына каршы болсоңор да келерки шайлоого чейин чыдаш керек. Жээнбеков үчүн болбосо дагы, мыйзамдуулук, туруктуулук жана өлкөнүн келечеги үчүн шайлоого чейин күтүү зарыл.

Президенттик убакыт - бул өмүр бою башкаруу эмес экенин эске алалы. Өлкөнүн жана элдин тагдыры үчүн 6 жыл - түбөлүктүү эмес.

Биз мындай башкаруу жолунда узак убакытка чейин бийликти бербей көп кыйынчылык жараткан башка өлкөлөрдөн айырмаланып турабыз. Андыктан биз мындай артыкчылыктан пайдаланып калышыбыз керек! Жеке амбициянын канааттандыруу үчүн жаңыдан түптөлгөн саясий шарттарды бузбашыбыз кажет.

Мөөрөй талаш ырбаган өлкөдө ички элиталардын бийлик үчүн аёсуз күрөшү - кризиске алып келген шарттарды түзөт.

Чыдамдуулук жана ишеним – ийгиликтүү саясий карьеранын жана анын узак жашоосуна шарт түзөт.

Жак Ширак Францияны жетектегенге чейин 2 жолу президенттик шайлоодо жеңилип келген. Ошол мезгилде президенттик башкаруунун мөөнөтү 7 жыл болчу. Эгерде ал чыдамдуулук менен 14 жыл күтпөй, революциянын арты менен барса, Францияны башкарган беделдүү президенттердин бири катары тарыхта кантип калмак эле?

Кыргызстан менен Францияны салыштырууга болобу деп да айтышыңар мүмкүн. Бирок мен айтып кетер элем, бирөөлөрдүн катасынан гана сабак албай, бирөөлөрдүн ийгиликтүү жеңишинен дагы сабак алууну билишибиз зарыл.

Биз туруктуу, өнүккөн, башкалар мисал кыла ала турган өлкө болуусун көздөп жатабызбы?

Бийликти сындоону мүмкүн нерсе деп эле тим болбой, зарыл экендигине да ишенем. Бирок бул укуктук жаатта жасалышы керек. Жок дегенде, сындап жаткан тарап адептүүлүктүн чегинен чыкпаса.

Бүгүн биз мамлекет башчысынын дарегине ашыкча сындардын айтылып жатканын окуп, көрүп жатабыз. Айрыкча, мындай  маалыматты социалдык тармактардан жана кээ бир маалымат каражаттарындагы комментарийлерден тапса болот. Биздин маданиятыбыздын жалпы жана саясий маданиятынын мындай демонстрациясы өлкөбүздө жана чет өлкөлөрдө 2017-жылы Кыргызстан элинин тандоосуна каршы чыккандык катары кабыл алынууда.

Президенттин ишин мен деле  көп жактырган жокмун. Ал эми Жогорку Кеңештин учурдагы чакырылышы жөнүндө – сөз дагы жок. Бирок эмне үчүн ушунча кемсинтүү керек! Бул нерсени, кыргызстандык шайлоочуларды шылдыңдоо катары кабыл алса болот.

Шайланган мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн кесипкөйсүздүгү же калыссыздыгы үчүн айыптагандар, шайлоо күнү принципсиз жана жоопкерчиликсиз добуш берген деп аларды тандап алган элди шылдыңдаганга барабар. Мен элимди аябай сыйлайм, андыктан мындай сындарга каршымын.

Анын үстүнө, мындай ачууланган сын жөн гана адилетсиз. Учурдагы президенттин алдыда дагы 3 жылы бар. Ал аралыкта көп нерсеге жетишүүгө болот. Тоскоолдук кылбашыбыз керек.

Ал (Сооронбай Жээнбеков),  Атамбаев алты жыл бою курган антимамлекетке каршы, элге каршы системаны буза алды. Менин оюмча, бул нерсе учурдагы мамлекет башчысынын маанилүү жетишкендиги деп эсептесе болот.

Бул система антимамлекеттик болгон. Себеби, өлкө иш жүзүндө эл тарабынан шайланган парламент тарабынан эмес, парламент тарабынан дайындалган өкмөт тарабынан да эмес, Атамбаевдин жакын адамдары тарабынан башкарылган. Алардын артында жан сакчылары, айдоочулар, катчылар, бизнес түзүмдөрүндөгү кызматчылар жана башка көптөгөн жылдар бою ишенимдүү кызмат кылган адамдары болгон. Атамбаевдин тушунда антиэлдик система да түзүлгөн деп атаса болот. Анткени ал каалаган адамын уялбастан, бейкапар, адамгерчиликсиз түрдө кысымга алып, өзүнө жакпаган аксакалдарды, генералдарды, журналист жана редакторлорду, коомдук ишмер, депутаттарды, экс – президентти баш кылып куугунтукка алган.

Азыр мунун бардыгы өткөн иш. Система чындыгында революциялык түрдө өзгөрдү, бирок  бул нерсе эволюциялык жол менен жасалды. Бул "эволюциялык революция" Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстанга жасаган эмгеги. Мамлекетибизди титиреткен бир катар толкундоолор токтошу үчүн, бийлик шайлоо, тынчтык жолу менен жана элдин каалоосу менен гана өзгөрүлүшү үчүн шарттарды түзүп берди.

Бирок экономиканы жана социалдык чөйрөнү гана эмес, эпидемиянын кесепетинен мекендештерибизди өлтүрүп жаткан азыркы системалык кризис, элди кыжырданткан айрым чиновниктер кызматтан кетиши керектиги айдан ачык. Коомчулук бийликтен - социалдык жана экономикалык процесстерди башкарууга, учурдун көйгөйлөрүн чечүүгө, коомдун бардык катмарлары менен жок дегенде кадимкидей диалог жүргүзөт деп үмүттөнүп күтүп турган чагы.

Азыркы шартта өлкө жетекчилиги гана эмес, жалпы элибиздин алдында жалпы жарандык чыр-чатактардын “жалынына” күйүп-бышып, аны ырбатууну эңсеген саясатчылардын каалоосуна бөгөт коюу милдети турат.

Эреже катары, өнүгүп келе жаткан коомдо элиталар ар кандай социалдык-экономикалык баш аламандыкты таасир талаш жана киреше чөйрөлөрүнүн кызыкчылыгы үчүн колдонууга аракеттенишет.

Өлкөбүздүн жаңы тарыхында, айрыкча акыркы он жылдыкта, атамекендик саясатчылар үчүн бийликте болуудан башка эч нерсе маанилүү эмес экендигин көрсөттү. Алар үчүн өлкөнүн жана элдин тагдыры экинчи орунда турат.

Пётр Столыпин өзүнүн атактуу постулатында мындай деп жазган: "Мамлекеттүүлүктүн каршылаштары радикализмдин жолун тандагылары келет ... Алар чоң көтөрүлүшкө муктаж, бизге улуу Россия керек!"


 Бизге, Кыргызстандын жарандарына, улуу эмес, жок дегенде гүлдөп өнүккөн өлкө керек.


Бул материал kaktus.media сайтынан алынды (эркин котормо).