Жаңылыктар
Россия пандемиядан улам токтотулган авикаттамдардын ишин кайрадан жандандырды
Дүйнө
Россия пандемиядан улам токтотулган авикаттамдардын ишин кайрадан жандандырды

Алгачкы учак Москва-Стамбул каттамы боюнча Шереметьево аэропортунан 1-август күнү тейленди. Аэропортто кезек күткөн жүргүнчүлөр арбын болду.



Белгилей кетсек, авиа байланыш калыбына келтирилген алгачкы үч өлкө - Улуу Британия, Түркия жана Танзания болду. Август айынын башынан тарта орусиялыктар Лондонго, Анкарага, Стамбулга жана Занзибар аралына уча алышат. 


Ал эми 10-августтан баштап Түркияга туруктуу жана чартердик каттамдардын саны көбөйтүлүп - Анталия, Бодрум жана Даламанга учуулар ачылат. Ошондой эле август айында Улуу Британияга жумасына 28ге чейин учуу пландалууда. Башка өлкөлөр менен дагы авиабайланыш атайын эрежелер боюнча жүргүзүлөт.



Эске салсак, коронавирустук пандемиядан улам Россия март айынын аягында авиакаттамдарды толук жапкан. Россиялыктардын мекенине кайтып келиши үчүн чартердик рейстерге гана уруксат берилген.