Жаңылыктар
2019-жылы Трамптын кирешеси дээрлик жарым миллиард долларды түзгөн
Дүйнө
 2019-жылы Трамптын кирешеси дээрлик жарым миллиард долларды түзгөн

АКШнын президенти Дональд Трамп өзүнүн салык декларациясын жарыялады.

Өкмөттүн Этика маселелери боюнча бюросунун сайтына жарыяланган маалыматтарга ылайык, Трамп 2019-жылы кеминде 446 миллион доллар иштеп тапкан.

Өткөн жылы Трамптын негизги киреше булагы Мар-а-Лагодогу (Флорида штаты) резиденциясы, Майамидеги курорту жана Вашингтондогу Trump International мейманканасы болгон. Президент мындан тышкары АКШ киноактёрлор биримдигинен жана «Келишим түзүү өнөрү» деген китебин сатуудан түшкөн каражаттарды алып турат.

Июлдун башында АКШнын Жогорку соту Нью-Йорктогу прокурорлордун өтүнүчүн канааттандырып, аларга Трамптын салык декларацияларын берүү тууралуу чечим чыгарган.

Мындан тышкары Трампка каршы дагы бир доо арызды Конгресстин үч комитети жазган. Алар соттон президентти каржы маалыматтарын ачыкка чыгарууга милдеттендирүүнү өтүнүшкөн. Бирок Жогорку сот өтүнүчтү четке кагып, чечим чыгаруу укугун төмөнкү баскычтагы сотторго калтырган.

Трамп 2015-жылы июнда президенттикке талапкерлигин коюп жатканда байлыгы дээрлик 8 миллиард 800 миллион долларды түзөрүн айткан. Бирок анда Forbes журналы анын байлыгы эки эсе аз экенин билдирген.

2020-жылы апрелде Forbes президенттин байлыгын 2 миллиард 1 миллион долларга баалаган. Бул 2019-жылдын октябрына салыштырмалуу 1 миллиард долларга аз.