Жаңылыктар
Иран бийлигине каршы чыккан Жамшид Шармахд Тажикстанда кармалганы айтылды
Дүйнө
Иран бийлигине каршы чыккан Жамшид Шармахд Тажикстанда кармалганы айтылды

Тажикстанда иран бийлигине каршы чыгып жүргөн «Тондар» тобунун башчысы Жамшид Шармахд кармалды. Бул тууралуу «Ислам революциясынын сакчылары» корпусу менен кызматташкан «Жаван» басылмасы кабарлады.

Иран бийлиги «Тондарды» террордук топ деп атап, Иран аймагындагы ондогон жардыруулар жана киши өлтүрүүлөр үчүн айыптап келет.

Маалыматка караганда, Жамшид Шармахд 31-июлда кармалып, иран бийлигине өткөрүлүп берилген.

Тажик бийлиги бул маалымат боюнча комментарий бере элек.

Лос-Анжелесте жашаган «Тондар» тобунун жетекчиси Жамшед Шармахд кандай жагдайда Тажикстанда кармалганы жана Тегеранга өткөрүлүп берилгени белгисиз.

Ирандын маалымат миинстри Махмуд Алави ал «татаал операциянын» жыйынтыгы менен кармалганын билдирди. Аткаминер оппозиционерди Кошмо Штаттар жана Израиль колдоп келгенин кошумчалады.

«Тондар» тобу 2004-жылы негизделген. Ал исламды перс маданиятын жок кылган дин катары сыпаттап, ага каршы чыгып келет. Топ иран монархиясын калыбына келтирүүнү жактайт.