Советтер Cоюзу учурунда абдан кадыр-барктуу болгон көргөзмө павильону - Эл чарбасынын жетишкендиктер көргөзмөсү же ВДНХнын туулган күнү 1-2-август күндөрү Москва шаарында белгиленди.
Иш-чарага Кыргызстандын өкүлдөрү активдүү катышты. Бул арада өлкөнүн атын алып жүргөн кыргыз павильонундагы оңдоп-түзөө иштери уланууда.