Кыргызстанга дүйнөнүн ар кайсы тарабынан анын ичинде коңшу мамлекеттерден гуманитардык жардамдар келүүдө. Россия Федерациясынын Чеченстан Республикасынан жана Катар мамлекетинен келген концентраторлор менен жеке коргонуучу каражаттар Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин кампасына келип түштү.