Жаңылыктар
Президент Сооронбай Жээнбековдун Ысык-Көл облусуна иш сапары
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Сооронбай Жээнбековдун Ысык-Көл облусуна иш сапары

Өлкө башчы бүгүн эки күндүк жумушчу сапары менен Ысык-Көл облусуна барды. Президент Ак-Суу районундагы атайын кийимдерди тигүүчү «Айко Сейко» текстиль ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Аталган ишкана мурда өндүрүш мекемелеринде иштегендер үчүн атайын формаларды тигип келген болсо, пандемия маалында дарыгерлер үчүн өздүк коргонуу каражаттарын даярдоого өткөн. 

Сооронбай Жээнбеков иш сапардын алкагында, Каракол шаарындагы сүттү кайра иштетүүчү ишкананын иши менен да таанышты. Облустагы ички жолдордун абалынан, реконструкция иштеринен кабар алып, медициналык объектилердин эпидемилогиялык абалга даярдыгын текшерди. Жумушчу сапар негизинен аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик саясатынын ишке ашуусу жана тумоо менен күрөшүү, ооруканалардын даярдыгы, дарыгерлерге карата камкордуктан кабар алууга багытталды.