Жаңылыктар
Нарында жугуштуу ооруларды дарылай турган бейтапкана курула баштады - Кыргызстан жаңылыктары
Аймак
Нарында жугуштуу ооруларды дарылай турган бейтапкана курула баштады - Кыргызстан жаңылыктары

Нарында жугуштуу ооруларды дарылай турган 70 орундуу бейтапкана курула баштады. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, пандемиядан улам учурда өлкөнүн бардык аймактарында эски имараттар капиталдык ремонттон өткөрүлүп, оорукана катары пайдаланууга даярдалып жатат. Нарын шаарында капиталдык ремонттон өткөрүүгө ылайыктуу имарат болбогондуктан республикалык штабдын чечими менен жаңы имарат курулат. Ал үчүн Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын аймагынан жер аянты бөлүнүп, курулуштун алгачкы жумуштары башталды. 70 орундуу оорукананын жыйырмасы реанимациялык орунга ылайыкталат. Талап боюнча оорукана бир айдын ичинде курулуп бүтөрү күтүлүүдө. Президент Сооронбай Жээнбеков аймактарда бош жаткан имараттарды оңдоп-түзөп, оорукана катары пайдаланууга берүүнү тапшырган.

“Долбоор улам иштелип, дароо жумуш жүрүп жатат. Иш ыкчам жүрүп, эрте бүтүргөнгө аракет кылып жатабыз. Каржы мамлекеттен болот”,- деди Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Семетей Черикбаев.