Жаңылыктар
Ысык-Кɵл айланма автожолун реконструкциялоо боюнча кредиттик макулдашуу ратификацияланды
Экономика
Ысык-Кɵл айланма автожолун реконструкциялоо боюнча кредиттик макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын 16-декабрында Сауд Аравия Королдугунун Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Кɵл айланма автожолун реконструкциялоо жана реабилитациялоо боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 25-июнунда кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамга ылайык, Сауд өнүктүрүү фонду 131,25 млн сауд риалы (эквиваленти — 35,00 млн. АКШ доллары) суммасындагы кредиттик каражатты 25 жылга, жеңилдетилген мезгили 5 жылга, пайыздык өлчөмү жылына 1% менен берүүдө.

Финансылык каражаттар Балыкчы-Каракол-Балыкчы автожолунун узундугу 80.5 км түзгөн Корумду айылынан Балбай Баатыр айылына чейинки бөлүгүн реконтрукциялоонун бир бөлүгүн каржылоого жумшалат. Реабилитациянын жыйынтыгында Корумду — Балбай Баатыр жолу эл аралык маанидеги 4 тилкелүү унаа жолуна айланат (II-техникалык категориядагы). Ошондой эле тротуарларды, суу агуучу лотокторду, жарык берүүчү лампаларды, велосипед жолдорун куруу каралган. Долбоорду бүтүрүү 2025-жылдын аягына пландалган.

Корумду айылынан Балбай Баатыр айылына чейинки узундугу 80.5 км болгон автожолдун реабилитациясынын жалпы суммасы 128,0 млн. АКШ долл. түзөт, анын ичинен 110,0 млн. — куруш иштерине; 4,00 — консультациялык кызматтарга (тендердик документтерди даярдоо жана долбоордун ишке ашыруусунун аткарылышын көзөмөлдөө); 1,50 — унаа жолдорун тейлөө үчүн жабдууларды сатып алуу; 0,34 млн. — мобилдүү тараза көзөмөл пункту; 0,5 млн. — долбоорду ишке ашыруу бөлүмүн кармоого; 0,05 млн. — финансылык аудит кызматына; 11,6 млн. — күтүлбөгөн чыгымдарга.

Долбоордун 93,0 млн. АКШ долл. суммасындагы калган бөлүгүн каржылоо үчүн төмөнкү булактардан насыялык каражаттар алынат:

  1. Араб экономикалык өнүктүрүү Кувейт фонду — 28, 90 млн.;
  2. Абу-Даби өнүктүрүү фонду — 22,00;
  3. Ислам өнүктүрүү банкы — 20,00 млн.;
  4. ОПЕК Эл аралык өнүктүүрүү фонду — 10,0 млн. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 12,1 млн. АКШ доллар өлчөмүндө кошо каржылоосу каралган. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.