Жаңылыктар
Кадамжайлыктар дарыгерлерге малинадан жасалган жарым тонна кыям жөнөтүштү - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Кадамжайлыктар дарыгерлерге малинадан жасалган жарым тонна кыям жөнөтүштү - Кыргызстан жаңылыктары

Кадамжай районунун жашоочулары Ош шаардык жана облустук ооруканасында иштеп жаткан медицина кызматкерлерине малинадан жасалган жарым тонна кыям жөнөтүштү. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты. 

Бул кыямдар азыркы кырдаалда обсервация жана стационарларда обочолонуу шартында иштеп жаткан дарыгерлерге таратылат.

“Дарыгерлер тартып жаткан түйшүктү көрүп, Кадамжай районунун тургундары корообузга эккен малинадан кыям жасап, медкызматкерлерге берели дегенбиз. Анткени, малинада витамин көп, пайдалуу экенин дарыгерлер өздөрү айтып келишет”, - дейт жардам жөнөткөн тургундар. Алар жакында Бишкек шаарындагы дарыгерлерге дагы кыям жөнөткөнү жатышат.