Жаңылыктар
Калк саламаттыгын камсыздоого аракет - Кыргызстан жаңылыктары
Аймак

Президенттин облуска болгон иш сапарынын экинчи күнү Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндөгү капиталдык оңдоо иштери менен таанышуудан башталды. Аталган бейтапкана 1986-жылы курулгандан тартып жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты капиталдык ремонт деген эмне экенин көргөн эмес. Жыйынтыгында бүгүнкү күндө имараттын 15 орундуу бир канаты гана иштейт. Реконструкция иштери ийгиликтүү аяктап келсе орундардын саны жүзгө чейин көбөйөт.

Президент медицина кызматкерлери менен баарлашканда дарыгерлер тармактагы көйгөйлөр тууралуу айтышты. Жаш кадрлар жетишпей, айлык аз болуп жатканын айтып арызданып алышты.

Ага карабай дарыгерлер коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча иштерди улантууга толугу менен даярдыгын билдиришти.

Мамлекет башчысы дарыгерлердин кадр жетишсиздиги боюнча айткандары менен макул болуп, катардагы дарыгерлердин эмгегин жогору баалады. Коронавирус инфекциясы - көп жылдан берки начар башкаруунун жыйынтыгын жана системанын кыйрашына алып келген реформалардан улам саламаттык сактоо системасынын бардык көйгөйүн ачыкка чыгарганын айтты. Ошентсе да тыным албай иштеген каарман дарыгерлерге ыраазычылыгын билдирди. Ушул бейтапкананын реанимация бөлүмүнүн башчысы Сарбагыш Иманалиевдин каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн бардык тармактарын жапырт санариптештирүү жүрүп жатканын, бул көмүскө экономикадагы каражаттарды ачыкка чыгарып мыйзамдаштырууга өбөлгө болорун дагы бир жолу белгиледи. Санариптешүү менен ачыкка чыкчу акчалар эң ириде дал ушул дарыгерлердин, мугалимдердин айлык акысын көбөйтүүгө жумшала турганын билдирди. Айлыктын аздыгына карабай каармандык кылган дарыгерлердин эмгегин мамлекет эске ала турганын да айтты.

Ушу тапта туризм сезону болгондугуна байланыштуу Ысык-Көл облусунда эпидемиологиялык кырдаал курч сакталууда. Анын үстүнө адамдардын агымы токтобой жатат. Эс алуучулар арасында эрежени сактабагандар да арбын.

Дубанда медициналык аппараттар менен дары-дармектер жетиштүү, Саламаттык сактоо министрлиги жардамга дарыгерлерди жиберип жатат. Өткөн апталарда облуста эпид кырдаал начарлап бара жатты эле азыр тумоонун жайылуу тенденциясы бир аз басаңдаганы байкалган.

Мамлекет башчысы коронавирус инфекциясына байланыштуу кырдаал жеңилдеп турукташаары менен саламаттыкты сактоо системасы боюнча маселелер Коопсуздук кеңешинин жыйынында карала турганын айтты.