Жаңылыктар
Баланы эмизүү - ден соолугун чындоо - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Баланы эмизүү - ден соолугун чындоо - Кыргызстан жаңылыктары

Эненин сүтүндө пайдалуу азыктар көп. Аны эч бир кошумча сүт алмаштыра албасын Динара айым жакшы билет. Үч кызын тең үзгүлтүксүз эмизип чоңойтуп жаткандыгына кубанат.

Эненин сүтүндө организмди зыяндуу заттардан сактоочу атайын белоктор көп болгондуктан, эмчек эмген балдардын ден-соолугу чың болуп, кичинекейинде да чоңойгондо да аз ооруйт. Баланын иммундук тутуму бекем болуп, жугуштуу ооруларга да катуу туруштук берет.

Адистердин айтымында, эмчек эмизүү менен жыл сайын дүйнөдө 820 миң наристени ар кандай оорулардан куткарып калса болот. Андыктан баланы туура эмизүүнүн маанилүүлүгүн жайылтуу максатын көздөп жыл сайын август айынын башында Бүткүл дүйнөдө жумалык өткөрүлүп келүүдө. Бул ирет Кыргызстанда кырдаалга жараша жаш энелерге баланы туура эмизүү боюнча түшүндүрүү иштери өзгөчө эрежелер менен өтүүдө.

Ал эми коронавирус инфекциясына шектелген жана вируска чалдыккан энелер балдарын эмизүүдө бардык санитардык-гигиеналык эрежелерди так сакташы керек.

Эмизүү натыйжалуу болушу үчүн үй жумуштарын аткаруу жана улуу курактагы балдарды багуу боюнча жоопкерчиликти үй-бүлө мүчөлөрү өздөрүнө алыш керек айтат адистер.