Жаңылыктар
А.Атамбаев: "Диний ишмерлердин саясатка кийлигишүүсүнө эч жол берүүгө болбойт"
Дин
А.Атамбаев:  "Диний ишмерлердин саясатка кийлигишүүсүнө эч жол берүүгө болбойт"

Бүгүн, Алмазбек Атамбаев  Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаевди, [Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максат ажы Токтомушевди, Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармасынын аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматовду, журналист Алия Суранованы жана көз карандысыз эксперт Нурлан Исмаиловду кабыл алды. Бул тууралуу, Президенттин расмий сайтына жарыяланды.

POST1RIGHT Жолугушуунун катышуучулары жума намазга жыгылуу үчүн түшкү танапис убактысын узартуу боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесине байланыштуу талаш талкуулардын опуртал мүнөзүнө кабатыр болуп жатышканын билдиришти. Алар мындай демилгелер коомду жикке бөлө турган карама-каршылыктарга алып келерин белгилешти. 

Президент динге ишенүү эркиндигинин принциптерин жүзөгө ашыруу боюнча Кыргызстанда бардык шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

 «Башка бардык конфессиялардын өкүлдөрү сыяктуу эле мусулмандар өз динин эркин тута алышат. Жума намазга жыгылууга тоскоолдук кылды деп ким бирөөнүн арызданганы боюнча өлкөдө бир да окуя катталган эмес. Менчик түрүнө карабастан мекемелер менен ишканалардын жетекчилери динге ишенген кызматкерлери өз диний жөрөлгөлөрүн аткаруусу үчүн мындай маселени жеке тартипте чечүүгө милдеттүү. Өкмөт менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары дагы эгер ушундай маселелер жарала турган болсо, аларды чечүүгө көмөк көрсөтүүгө милдеттүү», - деп белгиледи Алмазбек Атамбаев. 

«Биздин мамлекеттин лайык (светтик) мүнөзүнүн конституциялык принцибин бузуу жол берилгис деп эсептейм. Кыргызстанда ар ким өз ой-пикирин ачык айтууга укуктуу, бирок диний ишмерлердин саясатка кийлигишүүсүнө эч жол берүүгө болбойт. Акыркы демилгеге байланыштуу талкуулар маалында сезимди козгогон диний чакырыктар айрыкча ыйык Орозо айында жол берилгис», - деди Алмазбек Атамбаев.

Ошону менен катар Президент Алмазбек Атамбаев бул демилгеге байланыштуу талкуулар өлкө тагдырына кайдыгер карабаган, мамлекеттин светтик принцибин жактаган адамдар саны көп экенин көргөзгөнүн белгиледи.

Эске салсак, дин аалымы Чубак ажынын депутаттарга карата айткан пикири кызуу талкууга алынган. Ал жума намаз учурунда иштеги тыныгууну узарта турган мыйзам долбоорун колдобогон эл өкүлдөрүнө жаназа окулбаса деген пикирин  айткан. Социалдык тармактарда аалымдын айткандарын түрдүү кабыл алышты. Депутат Жанар Акаев Чубак ажыга жооп кайтарып, дин аятчынын айткандарын экстремисттик билдирүүгө тете деп сыпаттаган.