Жаңылыктар
Ата мекендик өндүрүш алга жылсын - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Ата мекендик өндүрүш алга жылсын - Кыргызстан жаңылыктары

Каракол шаарындагы «Ак-Булак плюс» сүттү кайра иштетүүчү ишканасында сүт жана сүт азыктарынын бир нече түрү даярдалат. Маселен, майсыздандырылган кургак сүт, майлуулугу ар кандай пайыздагы каймактын түрлөрү, май жана катуу сырдын бир нечеси өндүрүлөт. Бул жерде суткасына 20 тонна, сезон убагында 60 тоннага чейин сүт кайра иштетилет.

Завод Ысык-Көл облусундагы райондордун 70тен ашуун айылдарындагы 6 миңден ашуун дыйкан чарбалардын сүтүн кабыл алууда. Жакынкы жылдары ишкананын сүт өндүрүү көлөмүн суткасына 70-80 тоннага чейин көбөйтүү планы бар.

Андан тышкары ишкана күнүнө 10 тонна сыр чыгаруу кубаты бар европалык деңгээлдеги автоматташтырылган сыр линиясын жана коюлтулган сүт өндүрүү боюнча линияны ишке киргизүүнү мерчемдеп жатат. Аны менен бирге атайын жабдуулары бар сүттү кабыл алуу пункттарынын санын көбөйтүүнү пландаштырууда.

Бул жерде даярдалган сүт азыктары жергиликтүү базарга гана сатылбастан Россия, Казакстан, Тажикстанга чейин экспортко жөнөтүлөт. Келерки жылдан баштап Кытай базарына экспортко чыгуу жолдору каралууда. Эмне үчүн болбосун?! Өндүрүлгөн продукция эл аралык стандарттын бардык талаптарына жооп берет.

Аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик саясатынын негизги багыты алыскы региондордогу ушул өңдүү ишканаларга колдоо көрсөтүү. Айрыкча импортту алмаштырып, жумушчу орундарын түзгөн ишканаларга артыкчылыктуу колдоо көрсөтүлүүдө. Каржы мекемелери жеңилдетилген насыяларды берип жатат.

Аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик саясатынын негизги багыты алыскы региондордогу ушул өңдүү ишканаларга колдоо көрсөтүү. Айрыкча импортту алмаштырып, жумушчу орундарын түзгөн ишканаларга артыкчылыктуу колдоо көрсөтүлүүдө.