Жаңылыктар
Ош шаарында коомдук транспортторго санитардык көзөмөл күчөтүлдү
Аймак
Ош шаарында коомдук транспортторго санитардык көзөмөл күчөтүлдү

Ош шаарында коомдук транспортторго санитардык эрежелерди сактоо боюнча рейд жүрдү. Рейдге Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев, жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин жетекчилиги жана адистери, шаардык автоунаа муниципалдык ишканасынын жетекчиси катышты.

Текшерүү иштеринин алкагында автобустардын, троллейбустардын, ошондой эле маршруттук каттамдардын санитардык эрежелери жана тазалыгы текшерилип, карантиндик нормаларды бузгандар административдик айыптар салынып, эскертүүлөр берилди.
Эң негизгиси каттамдардын ар бириндеги антисептиктердин бардыгы, жүргүнчүлөрдүн аралык сактоосу жана беткап кийүү тартибине көңүл бурулду.

Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин маалыматы боюнча бүгүнкү күнгө чейин 101 айдоочуга санитардык эрежелерди сактабагандыгы үчүн чара көрүлгөн.