Жаңылыктар
Колледждерге кабыл алуу - Кыргызстан жаңылыктары
Билим
Колледждерге кабыл алуу - Кыргызстан жаңылыктары

Колледждерге кабыл алуунун онлайн порталына 22 миң 70 өтүнмө катталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык 3-августтан баштап колледждер окууга өткөндөрдүн тизмесин жарыялай баштады. Тактап айтканда окуу жай окууга кабыл алынган абитуриентке телефон чалып окууга өткөндүгүн кабарлайт. Ал эми окууга өткөн абитуриент болсо 6-августка чейин ошол окуу жайда чындап окуй тургандыгын тастыкташы керек. Антпесе түрдүү себептерден улам ал жерде окубай калчу болсо бош орундар калып калышы мүмкүн. Учурда пандемияга байланыштуу эл көп чогулганга тыюу салынгандыктан окуу жайга документтердин түп нускаларын студенттер жаңы окуу жылы башталгандан кийин алып барып берсе болот.