Жаңылыктар
Майыптыкты аныктоочу комиссия ишин улантат - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Майыптыкты аныктоочу комиссия ишин улантат - Кыргызстан жаңылыктары

Жарандардын майыптыгын аныктай турган медициналык-социалдык эксперттерден турган аймактык комиссиялардын иши жанданды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Азыр эл көп чогулбашы үчүн мындай комиссиядан өтүү үчүн медициналык уюмдар камдап берген документтер тапшырылгандан кийин, майыптардын жеке катышуусу жок эле кайрадан мурунку экспертиза учурунда майыптык түзүлгөн күндөн баштап жарандын майыптыгы бекийт. Майып мурунку экспертизада 18 жашка чыга элек болсо, "ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бала" категориясы алынып, кийин өзгөчө кырдаалдар мезгилинде кайрадан текшерүүдөн өткөн жаранга, документтердин пакетине ылайык I, II, III топторун түзүү жолу менен майыптыгы берилет. Эскерте кетсек, өлкөдө орун алган эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу аймактардагы медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар 6-июлдан 1-августка чейин ишин токтоткон. Белгилей кетүүчү жагдай, өзгөчө кырдаал учурунда алар майыптыгы үчүн алган төлөм токтоп калбайт жана документтери суралат.