Жаңылыктар
Футбол чемпионаты жанданат - Кыргызстан жаңылыктары
Спорт

Кыргызстандын футбол боюнча жогорку лигасы саналган Кыргыз премьер-лигасынын оюндары 7-августа кайра жанданат. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги Кыргызстандын футбол боюнча жогорку лигасы саналган Кыргыз премьер-лигасынын оюндарын улантууга уруксат берди. Кыргыз футболдук союзунун чечимине ылайык мелдеш эки айлампада жана бардык оюндар Кант шаарында өтөт. 7-август күнү 1-турдун алкагында эки оюн өтүп, мында “Алай” менен “Абдыш-Ата”, “Илбирс” менен “Кара-Балта” командалары беттешет. Коронавирус инфекциясынын таралышын алдын алуу максатында оюндар көрүүчүлөрсүз өткөрүлөт. Кыргызстанда коронавируска байланыштуу киргизилген карантинден улам спорттук мелдештердин баары 21-марттан баштап токтотулган.