Бишкектин тургундарына кечээтен баштап ысык суу бериле баштады. "Бишкек жылуулук" ишканасы билдиргендей, 3 күндүн ичинде ысык суу борбор калаанын бардык аймагына жеткиликтүү болот.
Белгилей кетсек, түйүндөгү жылдагыдай эле оңдоо иштерине байланыштуу ысык суу бул жылы 10-майда бир айга токтотулган болчу.
Суу биринчи кезекте балдар бакчаларына, мектептерге, оорукана жана башка социалдык объектилерге берилет.