Жаңылыктар
Баткенде оорукана курула баштады - Кыргызстан жаңылыктары
Аймак
Баткенде оорукана курула баштады - Кыргызстан жаңылыктары

Баткен облусунда 90 орундуу оорукананын курулушу башталды. Ал үчүн Баткен шаарында жайгашкан мурдагы облустук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Имарат жугуштуу оорулар ооруканасына ыңгайлашат. Оорукананын курулуш иштери үчүн мамлекет тарабынан 12 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн. «Учурда иш башталып, бир айлык мөөнөттө курулушту бүткөрүү аракети көрүлүп жатат«, — деп билдирди Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов.