Жаңылыктар
Ош шаарындагы таштанды таштоочу контейнерлер жаңыланууда
Аймак
Ош шаарындагы таштанды таштоочу контейнерлер жаңыланууда

Ош шаарындагы таштанды таштоочу контейнерлер жаңыланууда, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, жаңылоо иштери Европанын Реконструкциялоо жана Өнүгүү Банкы, Европа Биримдиги менен биргеликте “Ош шаарындагы таштандылар менен иштөө системасын жакшыртуу” долбоорунун алкагында ишке ашууда. 

Долбоордо 1 миң 136 даана жаңы заманбап контейнерлерди сатып алуу жагы каралган. Биринчи бөлүгүндө 360 даана контейнерлер калаага орнотула баштады. Жыл аягына чейин шаардагы бардык таштанды таштоочу эски контейнерлер заманбап жасалган жаңысына алмаштырылат.