Жаңылыктар
Өндүрүш тармагын жандандырууга Кытай элинен жардам
Экономика
Өндүрүш тармагын жандандырууга Кытай элинен жардам

Жалал-Абад облусунда бир катар өндүрүш тармагын жандантуу боюнча кытай элинен жардам келет. 

Маселен инвестициянын жардамы менен жүндү жана терини кайра иштеткен өндүрүш ишканасы ишке кирип, атактуу Жалал-Абад курортундагы асма көпүрөнүн курулушу дагы кытай ишкерлеринин колдоосунда ишке ашмакчы. 

Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын Оштогу башкы консулу Сун Лицюнь менен өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиеванын жолугушуусу учурунда айтылды. 

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өзгөчө айыл чарба тармагына басым жасалып, пайдалуу долбоорлорду колго алуу маселеси каралды. Анын катарында турмуш тиричилик техникаларын чыгаруучу ишканаларды ачуу туралуу да сөз болду. 

Облус жетекчиси да бул тармактарды өнүктүрүү маселесине келгенде жалал-абаддыктардын суроо-талабы жогору экенин белгиледи.