Жаңылыктар
Гречканын пайдасы же карантиндеги туура тамактануу
Ден соолук
Гречканын пайдасы же карантиндеги туура тамактануу

Алгач, гречканын тарыхына токтоло кетсек, б.з.ч 4000 миң жыл мурда Гималай тоолорунда пайда болгон.

Окумуштуулардын белгилөөсүнө таянсак, карантинде эле эмес  жай турмуштагы тамактануу рационубузга кошуубуз пайдалуу. Бул азыктын кубаттуулугу жагынан этке тете жана башка дан азыктарынан 2-3 эсе бат аш болот. Демек, карантин учурунда биздин ден соолугубуз  үчүн гречканын тийгизген таасири жакшы. Азык  биздин организмибизге  киргенден кийин мээнин иштеши жакшырып, психоэмоционалдык абал турукташып, кандагы канттын пайызы  нормалдуу абалга келет. Ушуну менен бирге ашыкча холестериндерден тазалайт. Белгилей кетчү нерсе, аты аталган дан гендик модификациялоого туруштук берген бирден-бир продуктуга кирет.

Карантин шартында туура тамактануу

Азыркы учурда баарыбызды түйшөлткөн суроо бул-вирустан сактануу менен бирге туура тамактануу. Убакыттын өтүшү менен ар бир азык адам баласын тажатып баштайт. Бул үчүн биз сиздерге пайдалуу азыктардын тизмесин түздүк.

- жашылча-жемиштер;

- күрүч,булгур,ун азыктары;

- жаңгак,өсүмдүк майы;

- чечевица,горох,фасоль;

- эт,балык;

- сүт азыктары.


Жашылча-жемиштердин баардык түрүн көп өлчөмдө колдонуу  зарыл. Кургатылган мөмө-жемиштерден компот даярдоо сунушталат. Жумуртка менен балык  белоктун булагы. Булардын курамындагы пайдалуу заттар антителаларды иштеп чыгып, вирустун бардык түрүнө туруштук берүүчү касиетке ээ. 

Бүгүнкү күндө туура тамактануу менен гана чектелбестен, стресстин алдын-алуучу чайларды ичүү манилүү. Алсак, бул учурда көк чай жардамга келет. Ошондой эле, мелисса, ромашка, жалбыздын демделмеси эң мыкты антистресс болуп эсептелет. Курамында магний камтыган азыктар уйкунун бекем болушун шарттайт. Өзгөчө маанини брокколи, кызылча, ачытылган капуста, түстүү капустага берсек болот. Түрдүү мөмөлөрдөн смузи жасап ичиңиз. 

Бул сиздин көп убактыңызды албаганы менен тийгизген таасири эбегейсиз. Анан албетте, күнүнө 1-2 литр суу ичүүнү эстен чыгарбаңыз. Бул өлчөмгө чайлар, ширелер дагы кирет. Эгерде сиз кофе сүйүүчүсү болсоңуз, анда бул адаттан бир аз артка чегинип турганыңыз оң. Кофедеги кофеин көк чайдын дагы курамында кездешет. Үстүбүздөгү кырдаалга көңүл чөктүрбөңүз жана ден соолукта болуңуз!