Жаңылыктар
Пансионаттардын маалымат базасы түзүлдү
Экономика
Пансионаттардын маалымат базасы түзүлдү

Кыргызстанда “Issyk-Kul online” деп аталган Ысык-Көлдөгү пансионаттар менен мейманканалардын бирдиктүү маалымат базасы түзүлдү. Эми чет элдик туристтер өз үйүндө олтуруп эле, көл жээгиндеги өзү эс ала турган мейманкана менен таанышып, бөлмөсүн ээлеп кое алат. Авторлордун айтымында сайт туристтердин ыңгайлуулугу үчүн бир нече тилде болот жана портал 70 пансионат, мейманкана, конок үйлөрү менен келишим түзгөн. 

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча акыркы 5 жыл аралыгында Кыргызстанга келген туристтердин саны бир жарым эсеге өскөн. Маселен 2011-жылы өлкөгө 800 миң гана эс алуучу баш бакса, былтыр 1 миллион 200 миң турист Кыргызстандын кооздугун өз көзү менен көрүп кеткен. Алардын 50 пайызга жакыны эмгек өргүү учурунда келсе, 8 % ден соолугун чындоо үчүн келген Ал эми чет элдиктердин 30% өлкөгө жумушчу сапары менен келип кеткен – деген маалыматты аталган комитеттин соода статистикасы башкармалыгынын башчысы Венера Мамбеталиева айтат.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"