Жаңылыктар
Бишкекке Санкт-Петербургдан 173 жаран кайтып келди
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекке Санкт-Петербургдан 173 жаран кайтып келди

Бишкекке Санкт-Петербургдан 173 жаран кайтып келди. Алардын ичинде кичинекей балдар дагы бар. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жарандары "Тез Жет" авиакомпаниясынын учагы менен жеткирилди.

Мекенине кайтууну каалаган жарандардын саны көп болгондугуна байланыштуу бул каттам менен келе турган жарандардын тизмеси Санкт-Петербургда жашаган кыргызстандыктардын өз ара аракеттешүү боюнча ыкчам штабынын алдындагы комиссия тарабынан түзүлдү. 

Маселен бул каттам менен Россиянын окуу жайларында билим алган студенттер, боюнда бар жана кичинекей балдары бар аялдар, оор илдети бар жана Россияга хирургиялык операция жана башка медициналык процедураларды жүргүзүү үчүн келген, жакын тууганынын каза болгондугуна байланыштуу мекенине кайтып жаткан жарандар келди. Чет жерде жүргөн кыргызстандык жарандарды мекенине кайтаруу боюнча иштер улантылууда.