Жаңылыктар
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында курал колдонгон чыр-чатак катталды
Чек ара
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында курал колдонгон чыр-чатак катталды

Бүгүн кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында курал колдонулган чыр-чатак орун алган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. 

Баткен облусунун Баткен районунун Эки-Таш жерлигинде Тажикистан тараптан белгисиз адамдар болжол менен мергенчилик куралдан Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлерин көздөй ок чыгарышкан. 

Кесепетинен чек ара отрядынын аскер кызматкери жаракат алып, ок колун тешип өткөн. Учурда ага тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлдү. Аскер кызматкердин абалы туруктуу деп бааланууда. 

Азыркы учурда Кыргызстандын Баткен багыты жана Тажикстандын Исфара багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп жатат. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы абал азыркы учурга карата туруктуу.