Жаңылыктар
Кыргызстанда сутка ичинде 18 өрт кырсыгы катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда сутка ичинде 18 өрт кырсыгы катталды

Кыргызстанда сутка ичинде 18 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ага ылайык, Чүй облусундагы Жайыл районунун Кара-Балта шаарында “Lada Priora” үлгүсүндөгү авто унаа толугу менен күйүп кеткен. 

Ошондой эле Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында, Аламүдүн районунун Ленин айылында жана Чүй районунун Дөң-Арык айылында да өрт кырсыктары болгондугу аныктылды. Анда жыгач устундуу бастырма, үйдүн чатыры жана чөп күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда. 

Мындан тышкары Ош облусундагы Өзгөн районунун Төөлөс айылында 400 чарчы метр сарай толугу менен күйүп кеткен болсо, Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун Саргатал айылында турак үйдүн короосунда 340 түк чөп күйгөн. Азыркы тапта тиешелүү адистер өрт кырсыгынын себебин такташууда.