Жаңылыктар
Энн Ходжес денесине тийген метеоритти 5000 долларга саткан
Дүйнө
Энн Ходжес денесине тийген метеоритти 5000 долларга саткан

Метеориттер мейкиндиктеги ар дайым кыймылда болуп туруучу заттар. Көпчүлүк учурда атмосферада күйүп жок болушат. Айрым чоң метеориттер аба катмарында жарылып, күчтүү толкундарды жаратып, миңдеген таштандыларды планетанын үстүнө чачып жиберет. Бирок биздин жер кыртышына дейре жетүүчүлөрү дагы кездешет. Буга мисал катары, АКШнын Алабама штатынын жашоочусу Энн Ходжеске тийген Торо астероидинин сыныгы Сулакога метеоридин алсак болот. 

1954-жылдын 30-ноябрында эч нерседен бейкапар уктап жаткан Энндин үйүнүн чатырын “күтүлбөгөн конок”сындырып өтүп,  3,86кг салмакта анын үстүнө түшкөн. Бул кубулушка 3 штаттын тургундары күбө болушкан. Алардын айтымында, асмандан өзгөчө жаркыраган жарыкты көрүшкөн. Бактыга жараша, жабырлануучу аман калган. Аталган кырсыктан кийин Энндин жолдошу сыныкты сатуу үчүн адвокат жалдап, баасын 5000 долларга баалаганга жетишет.  

Жыйынтыгында  өзүлөрү жашаган аймактагы улуттук табият тануу университетине өткөрүп беришкен. Фрагмент жыл сайын көрсөтмөдө көрсөтүлүп турат. Окуянын эртеси Ходжестердин коңшусу Жулиус К.Мак-Кинни короосунан 1,7 кг метеорит таап алып, аны Смитсон институна белгисиз өлчөмдөгү баага саткан. Катталган факт дүйнө жүзү боюнча биринчи жолу адам баласына метеорит тийген учур катары белгиленген. Мындан соң Энн 18 жыл өмүр сүргөн.