Жаңылыктар
Жайдын аптабында бетке упа колдонуу териге зыян алып келет
Ден соолук
Жайдын аптабында бетке упа колдонуу териге зыян алып келет

Жай мезгилиндеги күндүн аптабы чындыгында кыйынчылык туудурат. Көпчүлүгүбүз көлөкө издөө менен убарабыз. Күн нурунун алдында узак убакытка жүрүү ден соолукка терс таасирин тийгизет. Көп өлчөмдөгү тер бөлүнүп чыгуунун натыйжасында денедеги суу жана туз балансы бузулат. Жыйынтыгында булчуң клеткаларынын иштөөсү начарлап, иш жөндөмдүүлүгү төмөндөп, жүрөк-кан тамыр системасынын бузулушуна алып келиши толук ыктымал. Күн өтүүнүн белгилерине дене табы көтөрүлүү, жүрөк согуусунун жайлашы, баш айлануу, көңүл айлануу кирет. Оор түрүндө эсин жоготуу, тарамыш түйүлүүсү орун алат.

 Организмдеги суунун балансы төмөн түшүп кетпеши үчүн таза сууну эртең менен кечинде көп ичүү керек. Себеби, дал ушул учурда  суунун ткандарга сиңүүсү жогорку баскычта болот.  Ал эми түштө балмуздак, помидор, дарбыз, бадыраң жеген туура. Аталган азыктардын курамындагы суулардын пайдасы чоң.  Тердөөнүн натыйжасында туздун өлчөмү азайышы кооптонууну жаратат. Буларды толуктоо үчүн калий, кальций, магнезий камтылган азыктарды керектөө туура.  

 Газдалган таттуу ширелердин пайдасынан зыяны көп. Суусунду кандырбаганы аз келгенсип, бөйрөк менен боорго ашыкча көйгөй жаратат. Уктаар алдында жеңил тамактарга басым жасаңыз. Тамакка көп тоюп алуу терчилдикке алып барат. Күнүнө 5 маал жеңил азыктар менен азыктансаңыз, ысыкты оңой көтөрөсүз. 

 Дароо муздак сууга түшүүгө медицина кызматкерлери тыюу салат. Ысып турган денеге муздак суу тийгенде жүрөк-кан тамырларынын жабыркашына алып келет. Мүмкүн болушунча түшкү саат 12ден 16га чейин сыртка чыгуу сунушталбайт. Ушул сааттарда ультрафиолет нурлары күчүндө болот. Күндөн коргоочу атайын кремдерди, көз айнектерди колдонуу кажет. 

 Саратанда денеге жармашкан жана синтетикалык кийимдерди кийүү сунушталбайт. Пахтадан жасалган кийим тандасаңыз жаңылышпайсыз. Себеби пахтанын аба өткөрүмдүүлүгү жакшы. Ошону менен катар бетиңизге упа, тоналдык кремдерди колдонуу зыян алып келет. Аталган каражаттар  беттин дем алуусун кыйындатат.

  Аномалдуу ысык күндөр сизди чылым чегүү, спирт ичимдиктерин ичүү деген жаман адаттар менен кош айтышууга чакырат. Жайдын аптабында колдонулган бул заттар жүрөктүн токтоосуна алып келет.