Жаңылыктар
ЖРТнын тастыктамасындагы техникалык катадан улам абитуриент окууга кабыл алынган жок
Билим
ЖРТнын тастыктамасындагы техникалык катадан улам абитуриент окууга кабыл алынган жок

Жалпы республикалык тестирлөөнүн тастыктамасындагы техникалык катадан улам абитуриент Жогорку окуу жайына кабыл алынган жок. 

Интернет булактарынан алынган маалыматка караганда, бүтүрүүчүнүн атасынын аты туура эмес жазылган. Бирок, ага бул катадан окуу жайга тапшырууда маселе жаралбастыгын белгилешкени менен, Жогорку окуу жайларындагы Кабыл алуу комиссиясы документтерди кабыл албай койгон. Тиешелүү адистер мындай техникалык кемчилик жыл сайын кездешерин, аны 1-2 күндө оңдотуп, кайра алмаштырууга мүмкүн экендигин айтышты.